Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-27-09, 11:22

Улуттук банк төрт банктагы кызматтарга талапкерлерди бекитти

Улуттук банк өлкөнүн төрт банкындагы кызматтарга талапкерлерди бекитти. 

Тактап айтканда, 26-сентябрдан тарта Нурсулу Ахметова "О!Банктын" Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү/Тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитетинин төрайымы кызматына бекитилди.

Назира Абитова "Демир Банктын" башкы бухгалтеринин орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалса, Мирлан Султанов "Айыл Банк" ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү болду.

Ал эми Рахат Осмонова "Бай-Түшүм" банкынын директорлор кеңешинин мүчөсү, Жаркынбек Сагындыков "Бай-Түшүм" банкынын башкармалыгынын төрагасы болуп бекиди.


Тектеш материалды окуу