Жарыяланган
2025-01-08, 11:42Смартфонуңуз NFCти колдобойбу? Кам санабаңыз! MegaPay акысыз NFC- чаптамаларды берүүнү 2025-жылдын 31-декабрына чейин улантат, ошондуктан ар бир адам заманбап контактсыз төлөмдөрдү оңой жана ыңгайлуу аткара алат.
NFC-чаптама деген эмне?
Бул чоң мүмкүнчүлүктөрү бар кичинекей түзүлүш: болгону телефонуңузга чаптап алыңыз да, терминалга бир тийгизүү менен сатып алуулардын акысын төлөңүз. Ал орнотулган NFC жок смартфондордо да иштейт!
Эмне үчүн чаптамаңызды алууга жетишип калуу керек?
- Толугу менен акысыз — чыгымдарсыз, максималдуу ыңгайлуулук.
- Чагылгандай тез төлөм — жөн гана терминалга алып келиңиз.
- Маалыматтардын коопсуздугу — банк картасы сыяктуу коопсуздук.
- Универсалдуулук — телефондун каалаган модели үчүн ылайыктуу.
Ким жана кандай шарттарда колдоно алат?
MegaPay колдонуучуларына берилет, төмөндөгүлөр болгон учурда:
— «Айыл Банк» ААКтын виртуалдык MEGA ЭЛКАРТ картасы;
— орнотулган NFC-чаптамасы жок iOS же Android смартфону.
Көңүл буруңуз: бир ИСН үчүн бир акысыз чаптама берилет. Кайрадан берилбейт.
NFC-чаптамаларды төмөндө көрсөтүлгөн MEGA сатуу жана тейлөө борборлорунан ала аласыз:
• Чүй пр., 155, «ЦУМ-Айчүрөк», В17 бутик;
• Юнусалиев көч., 177/2, "Бета Сторес - 2" соода борбору;
• Айтматов пр., 3, «Азия Молл» соода борбору, 0-кабат;
• Сүйүмбаев көч., 123, MEGA башкы кеңсеси;
• Киев көч., 148, "Бишкек Парк", 0-кабат;
• Горький көч., 27/1, "Вефа Центр", 1-кабат. №20 бутик;
• Ибраимов көч., 115, “Дордой Плаза”;
• Юнусалиев көч., 185/1;
• Ош шаары, Масалиев пр., 2 (Каныкей эстелиги);
• Жалал-Абад ш., Т.Байзаков пр., 57.
Чаптамалардын саны чектелүү!
MegaPay менен смартфонуңузду колдонуу ─ мурдагыдан да ыңгайлуу!