Akchabarsearch
    Тажикстандан Баткенге мыйзамсыз товар ташыган аткезчилер кармалды

    Жарыяланган

    2025-07-08, 11:41

    Тажикстандан Баткенге мыйзамсыз товар ташыган аткезчилер кармалды

    Баткен облусунда товарларды аткезчилик жол менен ташыгандар кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

    Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аткезчилер кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрмө пункттарын айланып өтүп, өлкөгө кийим-кече жана башка товарларды ташып кирүүгө аракет кылышкан. 

    Шектүү катары 21 жаштагы Т.А., 40 жаштагы К.З. жана 26 жаштагы Б.А. аттуу Кыргызстандын жарандары кармалган. Алардан кармалып алынган товарлардын баасы 15 млн сомдон ашат.

    Учурда бул фактыга катышы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө. 


    Тектеш материалды окуу