Akchabarsearch
    Өзбекстан Кыргызстанга 19 миң тонна дарбыз экспорттоду

    Жарыяланган

    2025-07-08, 11:06

    Өзбекстан Кыргызстанга 19 миң тонна дарбыз экспорттоду

    Өзбекстан быйыл жарым жылда Кыргызстанга 19 миң тонна дарбыз экспорттоду. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Статистика комитети билдирди. 

    Маалым болгондой, 2025-жылдын алты айында Өзбекстан чет жакка 130.6 миң тонна дарбыз сатып, анын баасы 29.9 млн доллар болгон. Экспорт 2024-жылдын жарым жылына караганда 52.7 миң тоннага көбөйгөн. 

    Кыргызстан Өзбекстан дарбызды көп экспорттогон өлкөлөрдүн арасында үчүнчү орунда турат:

    • Россия — 66 миң тонна
    • Казакстан — 44 миң тонна
    • Кыргызстан — 19 миң тонна
    • Беларусь — 968 тонна
    • Монголия — 618 тонна
    • Латвия — 76 тонна
    • Грузия — 66 тонна
    • Польша — 61 тонна
    • Башка өлкөлөр — 121 тонна 

    Тектеш материалды окуу