Akchabarsearch
    Айыл Банк «Мудараба» аманатынын кардарлары үчүн Умра сапарына белек тартуулайт!

    Жарыяланган

    2025-07-08, 10:46

    Айыл Банк «Мудараба» аманатынын кардарлары үчүн Умра сапарына белек тартуулайт!

    Айыл Банк кардарларынын руханий муктаждыктарын колдоо менен ислам каржылоо принциптерине негизделген «Мудараба» аманатын жайылтуу максатында өзгөчө мүмкүнчүлүк сунуштайт. 2025-жылдын 9-июлунан 19-декабрына чейин банк тарабынан атайын акция уюштурулуп, жеңүүчүлөргө Умра сапарына жолдомо белекке берилет.

    Акциянын шарттары жөнөкөй: эгерде сиз 1 млн сомдон жогору суммада жана 12 айдан ашык мөөнөткө «Мудараба» аманатын ачсаңыз, автоматтык түрдө акциянын катышуучусу болосуз.

    Акция 5 этапта өтүп, ар бир этапта Умра сапарына жолдомо белекке берилет. Ар бир этапта «Мудараба»  аманатын ачкан онунчу кардар жеңүүчү болот.

    Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз — «Мудараба» аманатын ачып, белекке Умра сапарына жолдомо алыңыз!

    Улуттук банктын лицинзиясы №048/1
     


    Тектеш материалды окуу