Akchabarsearch
Ошто милиция кызматкери пара талап кылуу фактысы менен кармалды

Жарыяланган

2025-26-08, 14:22

Ошто милиция кызматкери пара талап кылуу фактысы менен кармалды

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын улук ыкчам кызматкери, милициянын майору М.З.У. пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, ал быйыл 20-августта У.Т. аттуу жарандан канынан баңги затын колдонуунун издери табылгандыгын шылтоолоп, наркологиялык экспертизанын жыйынтыгын өзгөртүп, ишти оң жагына чечип берүү үчүн 40 миң сом талап кылган.

УКМК жана ИИМ  биргелешип жүргүзгөн ыкчам иш-чаранын алкагында М.З.У. 30 миң сом алып жаткан жеринен кармалып, КР КЖК 96 жана 97-беренелерине ылайык, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
 


Тектеш материалды окуу