Жарыяланган
2025-04-09, 12:55Ош шаардык сотунун судьясы С.Р.Ш. жана Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери И.С.К. пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, судья жазык иши боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн жарандан 4 миң АКШ долларын талап кылган. 2025-жылдын 29-июлунда ортомчу катары иш алып барган И.С.К. пара алып жаткан учурда кармалган. Ал эми С.Р.Ш. батирине жашынып, акчанын бир бөлүгүн дааратканада өрттөөгө аракет кылган. Экспертизанын жыйынтыгында өрттөлгөн акча чет элдик банкнот экени аныкталган.
29-августта Судьялар кеңеши С.Р.Ш.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Натыйжада, эки шектүү тең тергөө бүткөнчө камакка алынды.