Akchabarsearch
Пара талап кылуу фактысы боюнча Эсеп палатасынын инспектору кармалды

Жарыяланган

2025-19-08, 15:57

Пара талап кылуу фактысы боюнча Эсеп палатасынын инспектору кармалды

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Эсеп палатасынын инспектору пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, И.М.А  былтыр Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүүдө аныкталган мыйзам бузууларды жаап жашыргандыгы үчүн быйыл май айында айыл өкмөттүн кызматкерлеринен опузалоо менен 800 миң сом алган.

Маалыматка караганда, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери социалдык объектини куруу боюнча тендерде жеңген компаниядан 10% "сый акы" алышканы да аныкталган.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, И.М.А. кармалды. Учурда тергөө иштери уланууда. 
 


Тектеш материалды окуу