
Жарыяланган
2026-04-03, 10:48«Процессинг КейДжи» ачык акционердик коомунун Директорлор кеңешинде өзгөрүү болуп, Директорлор кеңешинин мүчөсү Айбек Мамыралиевдин ыйгарым укуктары токтотулган.
Компаниянын материалдарында айтылгандай, аталган чечим Директорлор кеңеши тарабынан 2-мартта кабыл алынган. Ага Мамыралиев өзү берген арызы негиз болгон. Ал 17-февралда эле арыз жазып, ыйгарым укуктарын токтоткон.
Белгилей кетсек, Айбек Мамыралиев мамлекеттик кызматка өткөндүгү үчүн аталган компаниянын директорлор кеңешинин катарынан чыккан. 18-февралда ал Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын башчысы болуп дайындалганы белгилүү болгон.



