Akchabarsearch
Новопавловка айылында мотор майларын мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-06-04, 15:51

Новопавловка айылында мотор майларын мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды

Бишкектин Новопавловка айылында салык кызматкерлеринин текшерүүсүнүн жүрүшүндө акциздик маркасы жок мотор майларын мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактысы аныкталып, токтотулду.

Текшерүү учурунда ар кандай идиштерге куюлган 294 даана мотор майы табылган. Алардын жалпы көлөмү 10 миң 824 литрди түзүп, болжолдуу баасы 3 млн сомго жакын деп бааланууда.

Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери уланууда. Жыйынтыгында материалдар мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн тиешелүү укук коргоо органдарына өткөрүлөт.

 

 


Тектеш материалды окуу