Akchabarsearch
Нургазы Атканов МИКтин төрагасынын биринчи орун басары болду

Жарыяланган

2025-18-11, 13:45

Нургазы Атканов МИКтин төрагасынын биринчи орун басары болду

Нургазы Атканов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти. 

Атканов 42 жашта. Ал “экология” жана “юриспруденция” багыттары боюнча эки жогорку билимге ээ. 

2017-2022-жылдары президенттин аппаратында эксперт, инспектор жана бөлүм башчынын орун басары кызматтарын аркалаган. 2022-жылдан бери президенттин иш башкармалыгында бөлүм башчы болуп иштеп келе жаткан. 


Тектеш материалды окуу