
Жарыяланган
2025-18-11, 15:28Кытайдан Кыргызстанга ири долбоорлор боюнча иштегени келген жумушчулар долбоорлор бүткөндөн кийин өлкөдө бир күн да калбайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине курган маегинде билдирди.
Жапаров Чүйдө Кыргызстан атуулунун кытайлык жарандар тарабынан сабалышы боюнча суроого жооп берип жатып, жол талашып мушташкан окуялар өлкө жарандары ортосунда да болуп турарын айтты.
“Турмушта баары болот. Бишкектин көчөлөрүндө деле эки кыргыз жол талаш кетип, күндө мушташ болуп жатпайбы.
Турмуш-тиричиликтеги мындай талаш-тартышты эки өлкөнүн проблемасы катары жогорку деңгээлге чейин көтөрүштүн кереги жок”, - дейт Жапаров.
Президент парламенттик шайлоо алдында бир нерсе уюштурууну көздөгөн чагымчыл топтор бар экенин айтып, алар башка шылтоо таппай, электр энергия менен кытайлыктарды маселе кылып көтөрүп жатканын айтты.
Жапаров билдиргендей, өлкөдөгү чет элдиктерди жетиштүү гана эмес, ашыкча да көзөмөлдөөгө мамлекеттин күчү жетет.
“Мыйзам бузган же визасынын мөөнөтү өтүп кеткен чет өлкөлүктөрдү керек болсо бир күндө тазалап салсак болот. Бирок, азыр мамлекеттин алдында андай муктаждык жок”, - дейт Жапаров.
Садыр Жапаров Чүйдө болгон окуядан кийин ири долбоорлордо иштөө үчүн Кытайдан келген жумушчуларга: “Жергиликтүү калк менен ынтымакта болгула, долбоорлор бүткөнчө бири-бириңерге сый-урмат менен мамиле кылгыла” деп катуу эскертүү берилгенин айтты.
“Долбоорлор бүткөндөн кийин алар Кыргызстанда бир күн да калбайт. Жумушчу визалары бүтөт. Бизде Кытай менен виза режими бар. Визасыз бир дагы кытай Кыргызстанга кире албайт”, - дейт ал.
Президент Кытай - Кыргызстан – Өзбекстан жолунун курулушун баштоо үчүн көп каршылыктар болгонун айтты.
“Ансыз деле бул жолдун салынбай калышына кызыкдар күчтөр көп. Көптөгөн каршылыктар болуп, бул жолду “тирүүнүн тозогу” менен араң баштадык.
Бул жол башка бирөөлөргө эмес, келечекте бизге, Кыргызстанга керек. Керек болгондо да аба менен суудай керек”, - дейт ал.



