
Жарыяланган
2026-03-08, 18:01Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси, Женева шаарындагы БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы өлкөнүн туруктуу өкүлү кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Президент кол койгон жарлыкка ылайык, Султанов Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси болуп дайындалган.
Эскерте кетсек, Омар Султанов 2022-жылы майда Женева шаарындагы БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы өлкөнүн туруктуу өкүлү, кийин ноябрда Швейцариядагы элчи болуп дайындалган.



