
Жарыяланган
2026-03-08, 16:58Келечекте Бишкектен Ош шаарына ылдам поезддер жүрө башташы мүмкүн. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев билдирди.
Сакиев алар Балыкчы - Кочкор темир жолун салып бүткөнүн белгилеп, эми ал жол Кара-Кечеге чейин, андан ары Макмалга чейин созуларын айтты. Бул жол салынса, ал өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырып калат.
Азыр өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн эки унаа жол байланыштырып турат: бири Төө-Ашуу аркылуу кетсе, экинчиси жаңы салынган Балыкчы – Жалал-Абад жолу.
Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн туташтырган темир жол салынып калса, бардык жүктөр, товарлар ошол жол аркылуу ташылып калат. Ал бир жагынан тез, экинчи жагынан коопсуз болот.
Андан тышкары ошол эле темир жол аркылуу кишилерди ташыган поезддер каттап баштайт. Сакиев алар бул жолго ылдам поезддерди жүргүзгөнгө аракет кыла турганын билдирди. Ылдам поезд каттап калса, Бишкектен Ошко 6-8 саатта барганга мүмкүн болот.



