Жарыяланган
2025-21-08, 11:50Мамлекеттик салык кызматы орто биснестин өкүлдөрү бирдиктүү салык боюнча ай сайын отчет тапшырууга милдеттүү экенин эскертет.
Ал отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен, cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн кабинети же Salyk.kg мобилдик тиркемеси аркылуу берилиши керек.
Отчетту кечиктирип бергендер айыпка жыгылат. Ар бир кечиктирилген отчет үчүн айып каралган.
Салык кызматы белгилегендей, быйыл 12-февралда бирдиктүү салык боюнча отчет тапшыруу жол-жобосуна өзгөртүү киргизилген. Буга чейин отчет үч айда бир берилсе, эми аны ай сайын тапшыруу талап кылынат.