
Жарыяланган
2026-13-03, 16:07Орто-Сай айылындагы көрүстөндүн жанында курулуп жаткан көп кабаттуу үй боюнча тараган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, курулушка уруксат берүү тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген расмий документтердин негизинде жүргүзүлгөн. 2018-жылы Таш-Төбө айылынын айыл өкмөтү тарабынан берилген маалымкатта аталган көрүстөн жабык деп көрсөтүлгөн. Ушул документтин негизинде долбоор каралып чыгып, бардык жол-жоболордон өткөндөн кийин Иманалиев көчөсүндө 4 кабаттуу турак үйдүн курулушу 2024-жылы башталган.
Бишкек шаардык башкармалыгынын маалыматына караганда, жүргүзүлгөн топографиялык өлчөөлөргө ылайык курулуш объектиси менен көрүстөндүн ортосундагы аралык орточо 60–70 метрди түзөт. Ошондуктан социалдык тармактарда айтылган “курулуш көрүстөндөн 30 метр аралыкта жайгашкан” деген маалымат чындыкка дал келбейт.
Ошондой эле көрүстөндүн статусун аныктоо, аны жабуу же пайдаланууга берүү маселеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирери белгиленди.



