Akchabarsearch
Орто-Токой ГЭСинин курулушу соңку этапка чыкты

Жарыяланган

2026-24-03, 11:08

Орто-Токой ГЭСинин курулушу соңку этапка чыкты

Кыргызстанда Орто-Токой гидроэлектр станциясынын курулушу акыркы баскычка өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда станцияны ишке киргизүүгө даярдык көрүлүп, кошумча инфраструктураны куруу иштери уланууда. Анын алкагында аба чубалгысынын тирөөчтөрүн орнотуу үчүн жолдор уюштурулуп, пайдубал казуу иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле суу алуучу шахтанын монолиттик иштери аяктап, деривациялык тоннелде жана машиналык залда жабдууларды орнотуу иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, агып чыгуучу каналдын жээктери бекемделип, техникалык системалар орнотулууда.

Министрликтин маалыматына караганда, ГЭС быйыл ишке берилип, электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүүгө жана өлкөнүн энергетикалык туруктуулугун жогорулатууга шарт түзөт.


Тектеш материалды окуу