Akchabarsearch
Орунтаев: “Мыйзамсыз курулуштун 100гө жакыны легалдаштырылды”

Жарыяланган

2025-12-12, 10:01

Орунтаев: “Мыйзамсыз курулуштун 100гө жакыны легалдаштырылды”

Өлкөдө 2023-жылы 200гө жакын мыйзамсыз курулуш аныкталган. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Биринчи радиого” билдирди.

Анын айтымында, мыйзамсыз курулуштардын 100гө жакыны легалдаштырылды.

“2024-2025-жылдары көзөмөлдү күчөтүп, мыйзамсыз курулуштарга жол берген жокпуз. Бүгүнкү күндө мыйзамсыз курулуштардын 100гө жакыны легалдаштырылып, тийиштүү инженердик изилдөөлөр жүргүзүлүп, иш кагаздары дайындалып, имараттар эксплуатацияга берилди. Техникалык паспортторун алып жатышат”, - деди ал.

Орунтаев курулуп жаткан имараттын тийиштүү мамлекет тарабынан берилген техникалык паспорту жана Q-коду жок болсо, бул курулуш мыйзамсыз болуп эсептелерин белгиледи. Андай курулуштарга компанияларга тийиштүү чаралар көрүлөт.


Тектеш материалды окуу