Жарыяланган
2025-20-05, 09:36"Ош Дестинациясы" коомдук бирикмеси Ош облусундагы жаратылыш жана маданий жайлары боюнча үч өзгөчө туристтик турду иштеп чыгууга тендер жарыялады.
Аталган коомдук бирикме турду түзүүдө Мурдаш, Кожо-Келең, Кыргыз-Ата, Кара-Шоро сыяктуу белгилүү жана дубандагы көпчүлүк билбеген кооз жерлердин өткөн тоо, ат жана велосипед маршруттарды камтып кетүүнү сунуштайт. Ошондой эле айлана-чөйрөгө аяр мамиле, экологияга келтириле турган зыянды болушунча азайтуу, жергиликтүү тургундарды тартуу, аймактын маданий мурастарын сактоо жана таанытуу өңдүү принциптер сакталышы зарыл.
Маршруттун схемасы, логистикасы (жолдун башы, аягы, бара турган жолдору, узундугу), көрө турган жерлер, маданий жайлар, маршруттун баасы (транспорт, тамак-аш, гид, жашоо ж.б.) тууралуу маалыматтар англис жана орус тилдеринде даярдалып бериши керек. Ар бир маршрут боюнча 15тен сүрөт жасалышы кажет.
"Ош Дестинациясы" аталган демилге ишке ашырылса, жаңы туристтерди тартууга, жергиликтүү экономиканы бекемдөөгө жана Ош облусун Кыргызстандагы туруктуу жана активдүү туризмдин башкы борборлорунун бири катары таанытууга өбөлгө түзөт деп күтөт.
Кошумча маалыматты шилтеме аркылуу кирип алууга болот.
"Ош Дестинациясы" Ош шаарында жана Ош облусунда туруктуу турзимди өнүктүрүү боюнча иш алып барган коомдук бирикме. Ага туристтик тармактын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү кирет.