Akchabarsearch
Ош облусунда бир акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы убактылуу токтотулуп, дагы бирине айып салынды

Жарыяланган

2026-25-06, 10:00

Ош облусунда бир акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы убактылуу токтотулуп, дагы бирине айып салынды

Ош облусунда бир акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы убактылуу токтотулуп, дагы бирине айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалым болгондой, Ноокат шаарындагы «Хасанбай Валюта» акча алмаштыруучу жайы өлкө мыйзамдарын жана Улуттук банк эрежелерин бузаганы үчүн лицензиясы 7-июлга чейин токтотулган.

Облустагы дагы бир акча алмаштыруучу жайга 55 миң сом айып салынган. Белгилей кетсек, Улуттук банк айып жыгылган акча алмаштыруучу жайлардын атын ачыктабайт. 


Тектеш материалды окуу