
Жарыяланган
2026-07-08, 12:15Ош облусунун Араван районунда курулуп жаткан кичи ГЭСте мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Кичи-Алай айылындагы Турук дарыясында салынып жаткан объект мамлекеттик курулуш реестрине катталбастан курулуп жаткан. Ошондой эле курулуш талаптары сакталбаганы аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «Эл Бат Энерджи Турук» ЖЧКсына карата акт түзүлүп, 200 миң сом айып пул салынды.
Мындан тышкары, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жана талаптарга ылайык келтирүү боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.
Министрлик курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзамдардын, курулуш нормаларынын жана техникалык талаптардын так сакталышы керектигин эскертти.



