Akchabarsearch
Ош шаарында мыйзамсыз курулуштар бузулууда

Жарыяланган

2026-27-03, 12:15

Ош шаарында мыйзамсыз курулуштар бузулууда

Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды бузуу жана шаар аймагын иретке келтирүү иштери уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Учурда тиешелүү кызматтар шаар куруу жана архитектуралык талаптарга жооп бербеген кошумча курулуштарды, өз алдынча тургузулган объекттерди, Ак-Буура дарыясынын корук аймагындагы жана эски базардын ордундагы имараттарды алууда. 

Ошондой эле жол куруу жана кеңейтүү иштерине тоскоолдук жараткан жайлар да бузулууда.


Тектеш материалды окуу