Akchabarsearch
Сокулукта мыйзамсыз менчиктештирилген оорукананын имараты мамлекетке кайтарылды

Жарыяланган

2026-26-03, 14:46

Сокулукта мыйзамсыз менчиктештирилген оорукананын имараты мамлекетке кайтарылды

Сокулук районунда мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен оорукананын имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Сокулук райондук ооруканасынын аймагындагы 226 чарчы метр жер тилкесинде жайгашкан имарат 2007–2008-жылдары мурдагы Н.Крупская айыл өкмөтү тарабынан мыйзам бузуу менен жеке менчикке берилгени аныкталган.

Прокурордук акттын негизинде баасы 5 млн 802 миң сомдон ашкан имарат жер тилкеси менен кошо мамлекеттик менчикке кайтарылып, кайрадан оорукананын балансына өткөрүлдү.


Тектеш материалды окуу