Akchabarsearch
    Ош шаарында заманбап гүл базар салынат
    Сүрөт алынган жер: Интернет

    Жарыяланган

    2025-20-08, 11:37

    Ош шаарында заманбап гүл базар салынат

    Ош шаарында заманбап гүл базар салынат. Бул тууралуу мэрия билдирди. 

    Мэрия белгилегендей, буга чейин шаардын Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан эски гүл базар бузулган. Ага байланыштуу жаңы гүл базар үчүн С. Ибраимов атындагы улуттук драма театрынын оң капталынан жер берилген.

    Бүгүн, 20-августта мэр Жеңишбек Токторбаев базар тура турган жерди көрүп, тиешелүү кызматтарга базардын долбоорун кыска убакытта даярдап, ишти баштоону тапшырган.


    Тектеш материалды окуу