
Жарыяланган
2026-20-01, 11:29Ошто көп кабаттуу турак үйдүн курулушу текшерилип, эскертүү берилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкө аймагындагы курулуш объектилери боюнча рейддик иш-чаралар уюштурулууда.
Текшерүүдө Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы 12 кабаттуу турак жайдын курулушунда бир катар техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы аныкталды.
Натыйжада курулуш иштерин жүргүзгөн “Business House KG” ЖЧКсына карата аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча атайын мөөнөт коюлуп, жазуу түрүндө эскертүү берилди.



