
Жарыяланган
2026-16-01, 15:14Таласта курулуш ченемдерин сактабаган компанияга 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүүдө Талас районуна караштуу Чоң-Токой айылындагы таза суу системасынын курулушун долбоорлоодо, курууда техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин, эрежелеринин жана курулуш стандарттарынын сакталбагандыгы аныкталды. Ошондой эле алар менен өз ара байланышкан башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузгандыгы маалым болду.
Натыйжада, текшерүү актысы түзүлүп, курулуш иштерин аткарып жаткан “НТ ГРУПП-СТРОЙ” ЖЧКсына карата айып пул салынып, бузуулардын бирдиктүү реестрине киргизилди.



