
Жарыяланган
2026-28-01, 13:56Бүгүн, 28-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу курулуш тармагындагы нааразычылыктары тууралуу маселе көтөрдү.
Ал бул көйгөй тармактык комитеттин жыйынында каралышы керектигин айтты.
“Бизге бир топ курулуш компанияларынын өкүлдөрү кайрылды. Аталган тармакты тейлеген Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги өздөрү каалаган тарифтерди коюп алышкан.
Ошонун негизинде үйлөрдүн чарчы метрлери кымбаттап, элдин турак-жай сатып алуусуна чоң түйшүктөрдү жаратып жатат. Мындай нааразычылыктарды жараткан жагдайларды Жогорку Кеңештин тиешелүү тармактык комитети кийинки жумада карап, талкуулап чыккыла. Андан кийин жалпы жыйында да карайлы. Бул боюнча нааразычылыктар өтө көп, тез арада ирээтке келтиришибиз керек”, – деди ал.



