
Жарыяланган
2026-27-01, 13:40Бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин комитетине гимндин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын кароо маселеси боюнча комитеттин чечиминин долбоору каралды.
Жыйынга Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев баштаган гимндин тексти менен музыкасынын жаңы редакциясынын мыкты долбоорун тандоо боюнча комиссиянын өкүлдөрү катышты.
Комитет төрагасы Курманкул Зулушев парламенттин кароосуна мамлекеттик гимндин тексти жана музыкасынын үч варианты сунушталганын билдирди. Өз кезегинде министр Мирбек Мамбеталиев комиссия тарабынан жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат берип, бир жыл ичинде келип түшкөн бардык чыгармалар кылдат каралып чыкканын, жыйынтыгында үч вариант тандалганын айтты. Комиссия мүчөлөрү Чынара Үмөталиева жана Сыртбай Мусаев бул тапшырма өзгөчө жоопкерчиликти талап кыларын белгилеп, ар бир композитор эле гимн жаза албай турганын кошумчалашты.
Талкуу маалында Курманкул Зулушев сунушталган үч вариант тең мазмуну, тексти жана музыкалык жактан азыркы гимнден жогору эмес экенин, ошондуктан аларды толук кандуу чечим катары кароого мүмкүн эместигин белгиледи. Депутат Нурланбек Азыгалиев да гимн жарандардын духун көтөрүп, жалпы баалуулуктарды эске салуусу керектигин айтып, сынакты улантып, мазмуну жана көркөмдүк деңгээли жогору болгон жаңы чыгармаларды сунуштоого мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.
Жыйынтыгында комитет Жогорку Кеңешке гимндин тексти жана музыкасынын сунушталган үч вариантын тең четке кагууну сунуштады.



