
Жарыяланган
2026-17-03, 17:1517-мартта курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен бирге курулуш тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Жолугушууда тармактагы актуалдуу маселелер каралып, ишкерлер мурда түзүлгөн келишимдер боюнча төлөмдөрдү ала албай жатканын билдиришти. Ошондой эле шаардагы айрым объектилерде документтердин жетишсиздиги аныкталган.
Маалыматка ылайык, мэрияга караштуу 34 объектте уруксат берүүчү документтер толук эмес. Министрлик бул маселени көзөмөлгө алып, курулуштарды аяктоо жана каржылоо республикалык бюджеттен чечилерин билдирди.
Жыйынтыгында текшерүүлөрдүн негизинде тиешелүү чечимдер кабыл алынары белгиленди.



