Akchabarsearch
Ошто монолиттик темир-бетон конструкцияларынын бекемдиги текшерилди

Жарыяланган

2026-02-02, 16:36

Ошто монолиттик темир-бетон конструкцияларынын бекемдиги текшерилди

Ошто монолиттик темир-бетон конструкцияларынын бекемдиги текшерилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бетондун чыныгы бекемдигин аныктоо, курулуп жаткан монолиттик темир-бетон конструкцияларынын сапатын баалоо жана алардын долбоордук маалыматтарга шайкештигин текшерүү максатында өткөрүлдү.

Курулуш тармагындагы сертификаттоонун республикалык борбору капиталдык курулуш объекттеринин ишенимдүүлүгүн жана сапатын камсыз кылуу боюнча пландуу иштерди улантууда.


Тектеш материалды окуу