
Жарыяланган
2026-20-01, 09:54Оштогу борбордук стадиондун аймагынын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын борбордук стадионунун аймагында жайгашкан, жалпы аянты 2700 чарчы метрди түзгөн курулуштары бар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул объект белгиленген жарлыкты бузуу менен анын максаттуу багытын өзгөртүп, жеке менчикке мыйзамсыз чыгарышкандыгы аныкталды.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында жер тилкеси жана имараттар мамлекеттин менчигине кайтарылып, Ош шаардык мэриясына өткөрүлүп берилди.



