Akchabarsearch
Ошто Сулайман-Тоону айланта веложол жана жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар куруу сунушталды

Жарыяланган

2026-25-03, 14:42

Ошто Сулайман-Тоону айланта веложол жана жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар куруу сунушталды

Бүгүн, 25-мартта Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев маданият тармагы боюнча маселелерди талкуулоо боюнча жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин реконструкциялоо боюнча долбоордун презентациясы тааныштырылды. 

Шаар мэри долбоорду ишке ашырууда чечкиндүү кадамдар керектигин белгилеп, Сулайман-Тоону айланта веложол жана жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар курууну сунуштады.

Долбоорго ылайык Сулайман-Тоонун жолдору, тепкичтери, дарбазалары жана музейлердин ичи, сырты толук реконструкцияланат. Долбоор жалпы 12 бөлүктөн турат жана 3 этап менен ишке ашырылып, Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат. 

Ошондой эле жыйында Алымбек датка курдурган Ак медресени калыбына келтирүү жана көрүстөндөрдү иретке келтирүү жумуштарын ишке ашыруу маселелери каралды.


Тектеш материалды окуу