Akchabarsearch
Ошто суу каналдарынын жээктерине чейин чыгып кеткен курулмалар алынат

Жарыяланган

2025-20-06, 11:47

Ошто суу каналдарынын жээктерине чейин чыгып кеткен курулмалар алынат

Ош шаарында калааны аралап өткөн суу каналдарынын жээктерине чыгып кеткен курулмалар алынат. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Маалыматка ылайык, каналдарга жакын жашаган тургундар, анын жээгине чейин курулма салып алган. Учурда канал жээктерин бошотуу иштери башталды. 

Биринчилерден болуп Яккалик каналынын жээги тазаланууда. Азыркы тапта каналды суу кирип, өз нугуна батпай ашып кетүү коркунучунда турат.  


Тектеш материалды окуу