Akchabarsearch
Ошто жаңы үч тараптуу айланма жол курулууда

Жарыяланган

2026-20-05, 10:27

Ошто жаңы үч тараптуу айланма жол курулууда

Ош шаарынын Г.Айтиев жана А.Навои көчөлөрүнүн кесилишинде заманбап айланма жол салынып жатат. Бул долбоор жол кыймылын жеңилдетип, унаа тыгындарын азайтууга багытталган.

Долбоордун алкагында А.Навои көчөсү тараптагы жол 6 тилкеге чейин кеңейтилет. Ошондой эле Г.Айтиев көчөсү Б.Осмонов көчөсүнө чейин 6 тилкелүү болот.

Мындан тышкары, Кочконов көчөсү аркылуу жаңы базарга түз барууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Азыр Кочконов жана Шамшат көчөлөрүн бириктирген жаңы көчө да курулуп жатат. Ал Айтиев жана Навои көчөлөрүнө чыгат.

Натыйжада үч тараптуу айланма жол пайда болуп, шаардагы унаа агымы жөнгө салынып, жол кыймылы коопсуз жана ыңгайлуу болот.
Айланма жолдун диаметри 25 метрди түзөт.
 


Тектеш материалды окуу