Akchabarsearch
Оштогу балдар ооруканасын оңдоого 175 млн сом багытталды

Жарыяланган

2026-10-06, 13:06

Оштогу балдар ооруканасын оңдоого 175 млн сом багытталды

Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын инфраструктурасын жана материалдык-техникалык базасын жаңылоого жалпы 175 млн сомдон ашык каражат багытталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн түштүк аймагында балдарга адистештирилген жардам көрсөткөн жалгыз ооруканада 2025-жылдан бери масштабдуу жаңылоо иштери жүргүзүлүп келет.

Өткөн жылы оорукананын бир катар бөлүмдөрү 39 млн сомго оңдолгон. Быйыл дагы үч бөлүмдү капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн бюджеттен 98 млн сомдон ашык каражат каралып, учурда жумуштар аяктоо алдында турат.

Мындан тышкары, быйыл оорукананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн 38 млн сомго заманбап медициналык жабдуулар сатылып алынды. Алардын ичинде С-дуга аппараты, офтальмологиялык микроскоп жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар бар.

Бул иштер түштүк аймагындагы балдарга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга жана заманбап дарылоо технологияларын киргизүүгө багытталган.


Тектеш материалды окуу