
Жарыяланган
2026-14-04, 14:45Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сакалды айылында 79 млн сомго жаңы оорукана салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Учурда имаратка эмеректер орнотулуп, айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.
Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы аянты 1 миң 172 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат салынды.
Жаңы ооруканада терапия, педиатрия жана төрөт бөлүмдөрү жайгашып, заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалат.
Эски оорукана 1963- жылдары курулуп, миңдеген бейтаптарга кызмат кылып келет.



