Akchabarsearch
    Кыргызстанда салык декларациясын кимдер тапшырбайт?

    Жарыяланган

    2025-14-02, 11:41

    Кыргызстанда салык декларациясын кимдер тапшырбайт?

    2025-жылдын 1-апрелине чейин ата мекендик уюмдар (бюджеттен каржылануучу жана отчеттук салык мезгили үчүн мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенмелери болбогон уюмдардан тышкары, туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер декларация тапшырууга милдеттүү.

    Ал эми 1-майга чейин жеке ишкерлер, патенттин негизинде же өзгөчө режимдеги соода аймагында иш жүргүзгөн жеке жактар, чет мамлекеттин аймагында турган эл аралык уюмда, дипломатиялык жана консулдук мекемеде иштеген КРнын жараны, салык салынуучу киреше алган жана киреше салыгы боюнча милдеттенмеси бар жеке жактар декларация тапшырышы керек.

    Эске салсак, буга чейин жеке жактарды жалпы декларациялоо жокко чыгарылган. Ага ылайык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо, илимий-изилдөө жана чыгармачылык менен алектенген кызматкерлер, жеке жана мамлекеттик катышуу үлүшү бар уюмдардын кызматкерлери, пенсионерлер, студенттер жана башка категориядагы жарандар декларация тапшырбайт.

    Бирок декларацияны тапшыруудан бошотулган жеке жактар, анын ичинде социалдык жана мүлктүк чыгымдардын эсебинен, ошондой эле мамлекеттик эмес пенсиялык фондго чегерүүлөрдүн эсебинен кармалган киреше салыгы боюнча ордун толтурууну каалагандар ыктыярдуу негизде бирдиктүү салык декларациясын тапшыра алышат.

    Бирдиктүү салык декларациясын электрондук түрдө салык төлөөчүнүн жеке кабинетинен тапшырууга болот. Декларацияда кирешелер, чыгымдар жана экономикалык иштер, мүлк объекттери жана отчеттук мезгил үчүн төлөнгөн салыктар, отчеттук мезгил ичинде "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" КР мыйзамынын негизинде мыйзамдаштырылган активдер көрсөтүлүшү керек.


    Тектеш материалды окуу