
Жарыяланган
2025-04-12, 16:22Президент Садыр Жапаров Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тараптар саясий, соода-экономикалык, энергетика, инфраструктура жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү жаатындагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.
Пакистандын премьер-министри биргелешкен демилгелерди натыйжалуу ишке ашырган шартта мамлекеттердин жакынкы жылдарда өз ара сооданын көлөмүн 200 миллион долларга чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты.
Президент Садыр Жапаров өткөн сүйлөшүүлөр жемиштүү болоруна жана эки мамлекеттин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы өнүгүшүнө зор түрткү берерине үмүт артты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар транспорттук инфраструктураны биргелешип өнүктүрүү маселелерин да кеңири талкуулашты. Аймактын транзиттик потенциалын бекемдей турган "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" магистралын курууну камтыган темир жол долбоорлорун илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Эки өлкөнүн Карачи жана Гвадар сыяктуу Пакистандын деңиз портторун пайдалануу багытында кызматташууну кеңейтүүгө болгон умтулуусу белгиленди. Бул Кыргызстанга дүйнөлүк рынокторго чыгуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Мындан тышкары, тараптар Борбордук жана Түштүк Азиянын энергетикалык коопсуздугун чыңдоодо жана инфраструктуралык интеграциясында стратегиялык мааниге ээ болгон CASA-1000 аймактык энергетикалык долбоорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.



