Жарыяланган
2025-16-06, 14:17Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу өз үй бүлөсүнүн атынан он төрт балалуу Майрамбек Алыбаевге Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Тургунбек уулу азыркы тапта калктын санын көбөйтүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин белгилеп, келечектеги демографиялык жагдайды эске алуу менен мамлекет үй-бүлө институтун бекемдөөгө жана көп балалуу үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүшү керектигин айткан.
"Себеби биз өлкөбүздү элибиздин аракети жана калкыбыздын көмөгү менен гана көтөрө алабыз. Айрым алдыңкы мамлекеттердин тажрыйбасы көрсөткөндөй, калктын саны өлкөнүн алдыга жылуусунда өзгөчө мааниге ээ", – деди ал.