Akchabarsearch
Пенсия курактагы баатыр энелерге кошумча 5 миң сомдон төлөө сунушталууда

Жарыяланган

2026-27-01, 16:47

Пенсия курактагы баатыр энелерге кошумча 5 миң сомдон төлөө сунушталууда

Пенсия жана жөлөкпул алган баатыр энелерге ай сайын кошумча 5 миң сомдон берүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев даярдап, ал документ коомдук талкууга чыгарылды. 

Маалым болгондой, азыр өлкөдө пенсия алган 31 миңден ашык баатыр эне бар. Дагы 75 баатыр эне пенсия алууга укугу жок болгондуктан мамлекеттен 3 миң сомдон жөлөкпул алат.  

Акылбек Түмөнбаев аталган баатыр энелердин пенсиясына жана жөлөкпулуна кошумча 5 миң сомдон төлөөнү сунуштап жатат.  Бул акча республикалык бюджеттен берилет. 

Аларга жыл сайын кошумча акча төлөөгө 1 млрд 900 млн сомдой акча керек болот. 

Азырынча бул мыйзам долбоору коомдук талкууда турат, кабыл алына элек. 


Тектеш материалды окуу