
Жарыяланган
2026-29-01, 10:29Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруу жайларында 100 миң сомдон ашык акча алмаштырууну каалаган жарандардан аны каяктан тапканын ырастаган документти суроо талабын сынга алды.
Анын айтымында, бул жаңы киргизилген талапка жарандар менен ишкерлер нааразы болууда.
“Азыр көптөрдүн айлык акысы 100 миң сомго жетет. Ошондо жаран банкка же акча алмаштыруу жайына барганда маалымкат көтөрүп жүрүш керек болуп калат”, - дейт ал.
Депутат мындай талапты киргизген Улуттук банктын максаты эмне деген суроо салды. Ал жаңы талаптар тууралуу коомчулук анча кабардар эмес экенин белгилеп, алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөгөнүн сынга алды.
Кожокулова аталган маселени Жогорку Кеңештин Бюджет боюнча комитетинде кароону сунуштады.



