
Жарыяланган
2026-14-04, 10:32Кыргызстандын калкынын дээрлик 60%ы Жалал-Абад менен Ош облустарында жана Бишкек шаарында турат.
1-февралга карата өлкөдө элдин саны 7 млн 414 миңге жеткен. Алардын көбү Ош облусунда (1 млн 440.2 миң), Жалал-Абад облусунда (1 млн 381.8 миң) жана Бишкекте (1 млн 360.7 миң) жашайт.
Башка дубандарга караганда Нарын (316.5 миң) менен Талас (283.1 миң) облустарында калктын саны азыраак.



