Өкмөт "Ысык-Көл" бирдиктүү башкаруу компаниясы" мамлекеттин ишканасын түздү. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Былтыр Кытайдан Кыргызстанга 128 миңдей турист келген. Бул тууралуу Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаеванын эки өлкөнүн алакасы тууралуу "Синьхуа" маалымат агенттигине жарыяланган макаласында айтылат.