
Жарыяланган
2026-29-01, 14:10Президент Садыр Жапаров “2026-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мыйзам 2025-жылдын 24-декабрында Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Документке ылайык, өлкөнүн 2026-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 551 млрд 207 млн 156,1 миң сом, ал эми чыгашалар боюнча 550 млрд 770 млн 757,7 миң сом өлчөмүндө бекитилет.
Мында 2026-жылга республикалык бюджеттин профицити 436 млн 398,4 миң сомду түзүп, ал финансылык активдер менен операцияларды жүзөгө ашырууга жана тышкы милдеттенмелердин негизги бөлүгүн, анын ичинде мамлекеттик тышкы карыздын негизги суммасын жабууга багытталат.


