Akchabarsearch
Президент: Бюджет көбөйгөн сайын 16 жашка чейинки балдарга жөлөк пул берүүгө жетебиз

Жарыяланган

2026-11-03, 11:40

Президент: Бюджет көбөйгөн сайын 16 жашка чейинки балдарга жөлөк пул берүүгө жетебиз

Бүгүн, 11-мартта, Жогорку Кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаров жөлөк пул боюнча маселе көтөрдү.

Ал бюджет көбөйгөн сайын 16 жашка чейинки балдарга жөлөк пул бериле турганын билдирди.

“Мурда, СССР убагында, 16 жашка чыкканга чейин байсыңбы, кедейсиңби деп карабай жөлөк пул берчү. Эгемендик алгандан кийин экономикага жараша, байларга берилчү эмес. Мен депутат кезимде ушул маселе менен кагылышчумун.

Азыр күчүбүз жетсе, 16 жашка чыкканга чейин беребиз деген план бар. Бюджет көбөйгөн сайын жөлөк пулду 16 жашка чыкканга чейин берүүгө жетебиз. Бул келечекте боло турган нерсе”, — деди президент.


Тектеш материалды окуу