Akchabarsearch
Президент элди бөлбөй, электр энергия менен бирдей камсыз кылууну тапшырды

Жарыяланган

2025-04-11, 12:30

Президент элди бөлбөй, электр энергия менен бирдей камсыз кылууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров элди электр энергия менен бирдей камсыз кылууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. 

Анын айтымында, президент "Кыргызстан улуттук электр тармагы" компаниясынын электр энергияны чектөөсүз колдонуу үчүн "чексиз тарифке" өтүү чакырыгынан улам энергетика министри Таалайбек Ибраевдин иш-аракеттерине кескин баа берди. 

Жапаров электр энергия тартыш болуп турган маалда мындай демилгелерге жол берилбестигин жана алар элди социалдык бөлүнүүгө алып келиши мүмкүн экенин белгилеген.

Президент "чексиз тарифин" колдонууну токтотууну жана кышында элди электр энергия менен адилеттүү жана бирдей камсыз кылууну тапшырган. 

Эскерте кетсек, буга чейин эртең менен жана кечинде электр энергия көп колдонулган сааттарда анын кубаттуулугу 5тен 3 кВт’ка чейин түшүрүлө турганы кабарланган. "Кыргызстан улуттук электр тармагы" компаниясынын өкүлү электр энергияны чектөөсүз алууну каалагандар 1 кВт/сааты 3.81 сомдон болгон "чексиз тарифине" өтө аларын билдирген. Анын айткандары эл арасында кызуу талкуу жараткан.  


Тектеш материалды окуу