
Жарыяланган
2025-10-03, 09:32Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердиги жана курулуп жаткан турак жайлардын баасына байланыштуу “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек берди.
Президент Мамлекеттик ипотекалык компания “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жана жеке компаниялар менен бир бааны коюп, курулушту толук бүтүргөнгө келишим түзүп, үйлөрдү салдырып жатканын айтты. Ал кошумчалагандай, МИК үйлөрдү өзү салса бара-бара банкрот болуп калуу коркунучу бар.
“Эми батирдин жарымын төлөп жарымын 15 жылга алгандарга токтолоюн. Бул программа кезекте тургандарга тиешеси жок. Өзүнчө программа. Мисалы, бош жаткан жерге нөлдөн баштап батирлер салына баштайт. Ал батирлерди 50 пайызын алдын ала төлөгөндөр алат. Төлөнгөн акча кайра ошол эле батирлерди курууга жумшалат. Батирлердин баасы жогоруда айтканымдай үйлөрдүн жайгашкан райондоруна жараша болот. Бирок баары бир жеке курулуш компаниялардын баасынан ылдый болот. Мисалы Бишкектин “престиждүү” райондорунда жайгашкан жеке компаниялар бүгүнкү күндө бир чарчы метрин ремонту жок (под ключ эмес) 2000 миң доллардан сатып жатышат. Ал эми МИК болсо дал ошондой эле батирлерди батирдин жарымын алдын ала төлөгөндөр үчүн 1400 доллардан “под ключ” берип жатат. Кезекте турган социалдык муктаждарга мындан да ылдый баада берилет. Ошол үчүн МИКтин саясаты карапайым калкты үйлүү кылуучу социалдык саясат”, - деди ал.
Президент Мамлекеттик ипотекалык компания салдырып жаткан үйлөрдүн бир чарчы метри Чүй облусу жана Бишкек шаарында 650 доллар, ал эми Талас, Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 700 доллар экенин билдирди.



