Akchabarsearch
Орто-Сайдагы текшерүүдөн кийин бир нече адам кызматтан алынды

Жарыяланган

2026-24-03, 09:04

Орто-Сайдагы текшерүүдөн кийин бир нече адам кызматтан алынды

Бишкек шаарынын мэриясында калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында пландык кеңешме өттү. Жыйындын алкагында дем алыш күндөрү Орто-Сай базарында жүргүзүлгөн кыдыруунун жыйынтыктары каралды. 

Шаар башчысы базардын учурдагы абалына нааразычылыгын билдирди. Бир жыл ичинде аймакты жакшыртуу жана көрктөндүрүү боюнча иштер жүргүзүлгөнүнө карабастан, жооптуу кызматтар тарабынан тийиштүү көзөмөл камсыздалган эмес.

Натыйжада абал кайрадан мурдагы кейпине келип, башаламан соода жанданып, аймактын жалпы көрүнүшү начарлаган.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча бир нече адам кызматтан алынып, айрымдарына тартиптик жаза берилди:  

  • Уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгынын башчысы Кубандык Акматбеков ээлеген кызматынан бошотулду;
  • Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев кызматтан алынды;
  • Октябрь районунун акиминин биринчи орун басары Майрамбек Адылбеков кызматынан бошотулду.
  • мэрдин орун басарлары Азамат Кадыровго жана Рамиз Алиевге эскертүү берилди;
  • «Шаардык жол-транспорттук инфраструктура» муниципалдык ишканасынын башчысы  Асылбек уулу Бакайга жана Муниципалдык инспекциянын башчысы Мирланбек Таалайбековго сөгүш жарыяланды.

Ошондой эле Октябрь райондук администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысынын ээлеген кызматына ылайыктуулугу карала турган болду. 


Тектеш материалды окуу