
Жарыяланган
2026-01-05, 17:01Облустук деңгээлдеги жетекчилер 11-майдан тарта ар бир айыл өкмөттө жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрө баштайт. Бул тууралуу Президент Facebook баракчасына жазды.
Президент белгилегендей, акыркы аймактык Ош облусуна болгон сапарында көтөрүлгөн маселелердин 80%ы жергиликтүү деңгээлде эле чечиле турганы аныкталган. Ал эми 20%ы гана республикалык бюджетти талап кылат.
Көпчүлүк кайрылуулар социалдык жардам, жер тилкеси, документ маселелери жана жарандардын укуктарына байланыштуу болгон. Айрым тургундар “айыл өкмөт, аким, мэр укпай койду” деген даттанууларды да билдиришкен.
Эми президенттин тапшырмасы менен облустардагы өкүлдөр, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери айыл өкмөттөрдү кыдырып, маселелерди жеринде карашат. Жолугушуулар май-июнь айларында УТРК жана ЭлТР аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.
“Түз эфирлерди убактыма жараша өзүм көрүп турам. Октябрь-ноябрда ушундай эле форматтагы жолугушуулар ар бир айыл өкмөттө кайрадан кайталанат”, — деп белгиледи ал.
Президент айрым маселелер айлап-жылдап чечилбей келиши мүмкүн экенин белгилеп, талаштуу жагдайларда жоопкерчиликтен качпай, тараптардын жүйөлөрүн жеринде угуп, өз ара кеңешип, калыс жана адилет чечим чыгаруу керектигин айтты.
Ошондой эле президент жергиликтүү жетекчилерге эскертүү берди:
“Бирок эптеп эле шылтоо таап, борборго жүктөп коюу аракети суу кечпей турганын алдын ала эскертемин! Жазында айтылган көйгөй күзгө чейин чечилбей калса, таарынбаңыздар”.
Ал эми, жарандарга жолугушууларга активдүү катышып, зарыл кагаздарды жаныңыздарга алып келип, маселелерин так жеткирүү сунушталды.



