
Жарыяланган
2026-16-03, 15:56Бүгүн, 16-мартта президент Садыр Жапаров Гананын тышкы иштер министри Сэмуэль Аблаква менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана өз ара кызыкчылык жараткан тармактардагы өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Мамлекет башчы өлкөлөр географиялык жактан алыс жайгашканына карабастан, Кыргызстан Гана менен эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Ошондой эле ал Африка өлкөлөрү менен байланыштарды кеңейтүү максатында Эфиопиядагы элчилик ачылганын жана жакын арада Египетте да дипломатиялык өкүлчүлүк ачуу пландалып жатканын айтты.
Президент ошондой эле Кыргызстан жакында Африка биримдиги уюмунда байкоочу макамын алганын белгилеп, бул кызматташтыкты кеңейтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн кошумчалады.
Өз кезегинде Сэмуэль Аблаква Садыр Жапаровго Джон Драмани Махаманын саламын жеткирип, Гананын көз карандысыздыгынын 70 жылдыгына байланыштуу өлкөгө келүүгө чакыруусун билдирди. Ал Кыргызстандагы реформаларды, анын ичинде коррупцияга каршы күрөш жана Кумтөр маселеси боюнча кабыл алынган чечимдерди жогору баалады.
Тараптар жолугушуунун жыйынтыгында бул сапар эки өлкө ортосундагы достук жана ишкердик байланыштарды бекемдөөгө жаңы мүмкүнчүлүк түзөрүнө ишеним билдиришти.



